Ошондой эле 22-февралдан 26-февралга чейин Ж.Баласагын атындагы КМУ оюн залында окуучулардын шаардык спартакиадасынын финалы өтөт.
Мелдешке ар бир райондон экиден команда 8 команда (кыздар) жана 8 команда (балдар) жалпысынан 200 окуучу катышат.
Аталган мелдеш сергек жашоого үндөө жана баскетбол боюнча Бишкек курама команданы түзүү максатында өткөрүлөт.
Иш-чараны Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети уюштурууда.