Кезектеги текшерүүдө Тыналиев көчөсү 29 дарегинде жайгашкан «Дельфин» унаа жуучу жайынын айланасына суюк калдыктар төгүлүп, антисанитардык абалга жеткендиги аныкталды.
Жыйынтыгында СЭИ кызматкерлери тарабынан унаа жуучу жайынын ижарачысы Каримов Ш.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.