Свердлов районунун жетекчилиги Свердлов районундагы «Саамал» ЖЧКсы өнөр-жай ишканасына барды.

«Саамал» ЖЧКсынын жетекчиси Улан Алиев өндүрүш процесси менен тааныштырып, ишкананын тарыхына, мындан аркы өнүгүү пландарына токтолду.

«Саамал» ЖЧКсы «Герой» бренди менен нан азыктарын чыгаруучу өнөр жай ишканасы.

Бул ишкана өз продукциясын ички рынокко, ошондой эле Казакстандын чек арага жакын аймактарына жеткирет. Көчмө жыйын өндүрүштүк ишмердүүлүк менен таанышуу, көйгөйлүү маселелерди изилдөө жана аларды чечүүгө көмөк көрсөтүү максатында уюштурулду.

Тараптар ишкананын өндүрүштүк потенциалын жогорулатуу үчүн мындан аркы кызматташууну жакшыртууга макулдашышты.