А.С. Пушкин атындагы № 17 ОТК МГда билим берүү борборунун, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрүнүн, мектептердин адистеринин катышуусунда ата-энелер менен №6 БҮМБ дарыгерлеринин, социалдык кызматкерлердин жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын өкүлдөрүнүн, SOS «Балдар айылы, РИИБдин катышуусунда балдар иштери боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өткөрүлдү.
Жыйында жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана жоюу маселелерин чечүүдө БИКтин ролу тууралуу маалымат берилди. БИКтин төрагасы баланын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо шарттары боюнча комиссиянын ыйгарым укуктарына тиешелүү аймактык органдардын (СССР, ҮББ, ОРБББ, СӨБ, ЦСМ, ИДД, МАБ) кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу маселелери кире тургандыгын билдирди.
Тематикалык социалдык роликтер: «Эрте никеге туруу», «Мектептеги зордук-зомбулук жана рэкетчилик», окуучулардын мектеп турмушу жана балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук сюжеттери көрсөтүлгөндөн кийин, баланы суициддик абалга алып келүүдөгү ата-энелердин, камкорчулардын же башка мыйзамдуу өкүлдөрдүн терс ролу талкууга алынды.
Октябрь райондук балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган мектеп инспекторлору жана соц. педагогдор тарабынан балдарга карата ырайымсыз мамиленин жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жетишсиз натыйжалуу чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.
Урматтуу Октябрь районунун тургундары, социалдык камсыздоо органдарына төмөнкү телефондор аркылуу кайрылыңыздар: тел. 51-03-75;
Балдарга жардам борбору: тел. 54 29 34, 44 25 10,
Балдары бар үй-бүлө оор турмуштук кырдаалда же балдарга карата ырайымсыз мамиле жана зомбулук фактылары аныкталган учурда ишеним телефондору: 111, 115