Бишкек шаарынын мэриясы 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча стратегиялык иш-аракеттердин планын бекитти.
Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча 2023-2025-жылдарга Бишкек шаарынын мэриясынын стратегиялык аракеттер планы (САП) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.
Стратегиялык аракеттер планынын максаты жана милдети коррупциянын жана анын пайда болушунун негизги жана түпкү себептерин жоюу жолу менен анын көрүнүштөрүнүн алдын алууга комплекстүү, системалуу мамилени түзүү болуп саналат.
Ошондой эле 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясында аныкталган максаттарга жана милдеттерге негизделген.
Маалым болгондой, өлкөнүн жетекчилиги коррупцияга каршы күрөшүү маселелерине өзгөчө көңүл буруп, мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупцияны түп-тамырынан бери жоюуга же минималдаштырууга, анын түпкү себептерин жана шарттарын гана эмес, аны пайда кылган бардык өбөлгөлөрдү түп-тамырынан бери жоюуга жардам бере турган превентивдүү мүнөздөгү системалуу иш-чараларга негиз салуучу ролду жүктөйт.
Стратегиялык аракеттер планында коррупцияга каршы көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун институтташтыруу жана жогорулатуу боюнча чаралардын комплекси; мэриянын ченемдик укуктук актыларынын жана чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгуу этабында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо; кадрларды чыңдоо жана башкалар каралган.
Стратегиялык аракеттер планы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешнин жана көз карандысыз эксперттердин катышуусунда өткөн тегерек столдо көрсөтүлдү.