Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата И.В. Панфилов атындагы сейил бакта Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган 150 баланын арасында асфальтка сүрөт тартуу сынагы өттү.
Балдар тажрыйбалуу сүрөтчүлөрдөй, асфальтты жомок дүйнөсүнө айландырышты, мунун баарын түстүү карандаштардын жардамы менен көркү чыкты.
Балдар өздөрүн, күндү, гүлдөрдү, үйлөрдү, асан-үсөндү, ал эми кээ бирөө бор менен төрт бурчтуктарды тартышып, «классика» оюнун ойношту.
Сүрөттөрдө өзгөчө, жаркын, эң негизгиси мээримдүүлүк чагылдырылды.
Мелдештин жыйынтыгында бардык балдарга белектер берилип, аттракциондорго акысыз