Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун Биринчи май районунун жашоочулары менен жолугушуусунун алкагында аким көчмө жыйындарды өткөрөт.

Район башчысы Максатбек Сазыкулов кийинки жумада бир нече жерлерди кыдырып чыгат.

- 5-июнда - "Космос" аянтчасында  күркөлөрдү алуу, андан ары Логвиненко көчөсү менен Бөкөнбаев көчөсүнөн  Л. Толстой көчөсүнө  чейин (чыгыш тарабы) тротуар куруу, Ош тилкесине канализация куруу маселелери боюнча кыдырат;
- 6-июнь күнү -Түлөбердиев көчөсүндөгү тротуарды асфальттоо жана оңдоо, Витебская, Можайский, Боталиев, Көкчө-Тоо көчөлөрүндөгү жолдорду оңдоо, Боровская, Карагай , Нариманов көчөлөрүн, "Щербаков" конушуна канализация салуу боюнча көчмө жыйын өткөрөт;
- 9-июнь күнү -Краснодонцев, Ростовская, Д.Асанов, Кудрук көчөлөрү боюнча жолдорду, тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүү жана ирригация салуу, Жибек-Жолу проспектиси жана Фучик көчөсүнүн кесилишине ирригациялык лотокторду, ал эми Ленск тилкесине суу түтүктөрүн орнотуу маселелери каралат.

- Урматтуу шаардыктар! Сиз дагы катышсаңыз болот, кыдырууларды өткөрүү убактысы МАБ жетекчилерине билдирилет.

Белгилей кетсек, борбор калаанын мэринин жолугушуусу 2023-жылдын 23-июнуна пландаштырылган.