Эл аралык балдарды коргоо күнүн белгилөөнүн алкагында жарандардын массалык майрамдык иш-чаралары өтүп, андан кийин Ала-Тоо аянтында жана ага жакын сейил бактарда көптөгөн таштандылар калган.

Ал эми “Тазалык” ишканасынын кызматкерлерине жардам берүү үчүн Greenteen уюмунун ыктыярчылары эмен багында, жаштар аллеясын, эл достугу, борбордук жана эмгек даңкы аянтчаларын иретке келтиришти.

Таза экология акциясына 120га жакын бала катышып, 70 каптан ашык таштанды  чогултушту.

Биринчи май районунун акимчилиги экологияны сактоого кошкон салымы үчүн «Greenteen» уюмуна терең ыраазычылык билдирип, иштерине  ийгиликтерди жана баарына үлгү болушун каалайт