Ленин районунун жетекчилиги Эр-Тайлак көчөсүн Арча-Бешик көчөсүнөн Репин көчөсүнө чейин кыдырып, оңдоо иштерин текшерди.

"Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү концепциясын" долбоорунун II-фазаны ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан 2022-жылы Эр - Тайлак көчөсүндө Арча-Бешик көчөсүнөн Репин көчөсүнө чейин  капиталдык оңдоо иштери башталган. Жолдун узундугу 1,9 км, туурасы 9 м, тротуарлардын туурасы 1,5 м түзөт.
2022-жылы Арча-Бешик көчөсүнөн Шералиев көчөсүнө чейинки 1180 метр узундуктагы жол иштери толук бүткөрүлдү.

2023-жылы Шералиев көчөсүнөн Репин көчөсүнө чейинки тилкеде жол иштери калыбына келтирилген.

Жолдун негизин даярдоо жана бордюрларды орнотуу иштери аяктады.

Асфальттын төмөнкү катмарын төшөө иштери жүрүп жатат.

Учурда иштер 60% га бүткөрүлдү.