Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинен билдиришкендей, 2023-жылдын 7-июнунан тарта Буденный көчөсүнүн Жибек-Жолунан ЧЧКга чейинки бөлүгүндө асфальттагы кемчиликтерди оңдоо иштерине байланыштуу автотранспорт кыймылы убактылуу токтотулат.

Ушул себептен улам, коомдук транспорттун №21, №118 жана №260 каттамдарынын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөртүлөт.

Алар белгисиз убакытка чейин Буденный көчөлөрүн Жибек - Жолу проспектисинен ЧЧКга чейин Курманжан Датка, Чугуев, Станционная, Нургазиев көчөлөрү менен айланып өтүшөт.

Урматтуу шаардыктар! Ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана маршрутту өзгөрүүлөрдү эске алуу менен пландаштырууну суранабыз.