№7 орто мектептин актовый залында Ленин районунун акиминин орун басары Айзада Жунусованын катышуусунда мектеп жана бала бакчалардын директорлорунун жыйыны өттү.
Жолугушууда директорлор Президенттин 2023-жылдын 26-майындагы №136 «Балдардын акысыз мектепте билим алуу укугун ишке ашыруунун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы менен таанышты.
Ошондой эле, орто мектептин директорлоруна мыйзамсыз акча чогултуу же окуучуларга жана алардын ата-энелерине моралдык-психологиялык басым көрсөтүү фактылары аныкталган учурда күнөөлүүлөргө кызматтан бошотууга чейинки тартиптик жаза чараларын колдонуу эскертилди.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери эхинококкоз мите оорусу, кандай учурларда жуктуруп алуу мүмкүн, андан кантип сактануу керектиги тууралуу айтып беришти. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгер-эпидемиологу COVID-19 боюнча Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 статусун эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал катары жокко чыгарганын билдирди. Биз бул пандемиянын өтө кыйратуучу алгачкы фазасында болбосок да, COVID-19 дүйнө жүзү боюнча саламаттыкты сактоо системалары үчүн активдүү коркунуч бойдон калууда. Бишкек шаарында коронавирустук инфекцияны каттоо улантылып, 2023-жылдын ушул мезгилине карата коронавирустук инфекциянын 242 учуру катталды.
Мектептердин жана бала бакчалардын директорлоруна айлана-чөйрөнүн санитардык абалын сактоо сунушталат.