"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы шаарыбызды ландшафттык бурчатар менен көчөлөрдүн көркүн чыгарууну улантууда.

 Багбандар жаркыраган жай мезгилине борбоор калаабызды кооздоп, жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө.


Эми,7-апрель-Ахунбаев, Курманжан Датка-Салиева, Тоголок-Молдо-Киев, Ибраимов-Жумабек, Бөкөнбаев жана Жаш Гвардия бульварынын кесилиштеринде көз көнгөн жашыл майсандан тышкары жашыл өсүмдүктөрдүн ар кандай түрлөрү жана өңдөрү пайда болот.


Ландшафттык бурчтар жалаң гана бак-дарактар менен кооздолбостон, атайын декоративдик таштар жана  сүрөттөр менен шаардыктардын маанайын көтөрөт.


Бул багыттагы иштер "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык тарабынан улантылат.