Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы Манас проспектисиндеги кирүү топторду, жарнамаларды, бастырмаларды алууда.

Ошону менен бирге "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасы Манас-Ч.Айтматов проспектилеринде жана Ю. Абдрахманов-Б. Баатыр көчөсүндө жайгашкан имараттардын фасадына жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун эскиздик долбоорун иштеп чыкты. 

https://drive.google.com/file/d/1AnG5z_beL43OUOsnd-N1FDUDOCDGHcQy/view?usp=drive_link
https://drive.google.com/file/d/1qTHHn3iBk-p3mxlVR8XHys7mpTvdupF7/view?usp=drive_link


Манас проспектиси боюнча Чүй проспектисинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки имараттардын эскизи иштелип чыкты:
- Токтогул көчөсү, 171/1;
- Манас пр., 7,9,10,16,22,22а,26,30,34,38,40,41,41а,47,49,57,59,164;
- Москва көчөсү, 164,165;
- Токтогул көчөсү 171/1.
- Байтик Баатыр көчөсү 13,  35, Ч. Айтматов проспектиси 16.

Белгилей кетсек, зарыл болгон учурда муниципалитет ар бир имаратка жекече долбоорду иштеп чыгууну кароого даяр.

Урматтуу ишкерлер! Бишкек шаарынын мэриясы борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында өзүнүн объектилерин архитектуралык талаптарга ылайык келтирүүнү өтүнөт.