Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов шаардыктардын өтүнүчү менен кезектеги жеринде кыдырууну өткөрдү.
Исанов көчөсүнүн тротуарын иретке келтирүү менен капиталдык оңдоо маселеси каралды, ал эми Жибек-Жолу проспектисинен баштап Баялинов көчөсүнө чейинки 1 чакырымга жакын сугат тармактарын иретке келтирүү иши жүргүзүлсө, анда Тоголок Молдо көчөсүндө жол кыймылынын жүктөмүнүн азайышына алып келерин талкуулашты.
Андан ары аким профессор Зима жана Тюмен көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1 гектарга жакын аянттагы кароосуз калган муниципалдык жерди көрүп, ушул жайга сейил бак куруу долбоорун иштеп чыгуу чечимин кабыл алды.
Капиталдык оңдоо иштери ушул күнгө чейин бүтө элек Ч.Түлөбердиев көчөсү да көңүл сыртында калган жок. Аким учурда каржылоо маселеси иш жүзүндө чечилип калганын айтып, жакында иш башталса деген ишенимин билдирди.
Андан соң, Ужгород тилкесинин жашоочулары менен жолугушуу болуп, эки өтүнүч боюнча – жолду оңдоо, жалгыз балдар аянтчасын сактап калуу маселеси каралды.
Шаардыктардын айтымында, 2008-жылдан бери бул жерде балдар аянтчасы өз каражаттарынын эсебинен жабдылган, бирок 2009-жылы ал аймак бир нече адамга жеке турак жай куруу үчүн берилген (Токтом бар).
Башчы акимчиликтин компетенциясынын жана КР мыйзамдарынын чегинде жер тилкесин берүүнүн мыйзамдуулугу боюнча маселени иштеп чыгууну тапшырды.