10-июнда борбор калаада массалык ишембилик өткөрүлөт.

Көчөлөрүбүздү, короолорубузду, сейил бактарды, аянттарыбызды тазалайбыз.

Тазалоодо өздүк имараттарга жана курулуштарга жанаша турган ирригациялык тармактарды, ошондой эле шаардык парктарды жана скверлерди тазалоого өзгөчө көңүл бурулат.

Чарбалык субъектилердин, уюмдардын жана мекемелердин ишембиликтерин өткөрүү жерлери райондук администрациялар тарабынан аныкталат.

Акимияттар тарабынан чарбалык субъекттерге ишембиликке катышуу тууралуу билдирүүлөр таратылды.

Урматтуу шаар тургундары! Баарыңыздарды шаарыбызды тазалоо үчүн ишембиликке чыгууга чакырабыз.