Борбор калаанын муниципалитетинин имаратында алдыдагы  күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын кезектеги жыйыны өттү.

Штабды борбор калаанын мэринин турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары Жыргалбек Шамыралиев жетектеп, шаардык чарба башкармалыгынын, Бишкек ЖЭБнин, «Бишкекжылуулукэнерго» КПнын, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын «Бишкекгаз» филиалынын, "Бишкекэнергосбыт", "Бишкекжарык" ишканаларынын жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Алдыдагы 2023/2024-жылдардын жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча отун-энергетика комплексинин кызматтарынын иш планынын аткарылышы тууралуу маалымат угулду. Ошондой эле көмүр менен иштеген от казандарды жылуулук менен камсыздоонун альтернативдүү түрүнө өткөрүү, келерки жылытуу мезгилине карата социалдык объектилерге отун сатып алуу боюнча тендер өткөрүү, калктуу конуштарды газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүү жана турак жайларды жылуулук менен камсыздоону тездетүү маселелери талкууланды.

Район жетекчилерине «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы, уюмдар менен тыгыз иш алып баруу, иш-чараларды өз убагында жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле альтернативдик газ менен жылытууга өтүү боюнча бардык чараларды көрүү, окутууну белгиленген мөөнөттө бүтүрүү жана альтернативдик отунга өтүү боюнча жарандар арасында түшүндүрүү иштерин улантуу белгиленди.