Күнүмдүк турмуш-тиричилик маселелерин чечүүнүн алкагында район жетекчилеринин жумушчу жолугушуулары уланууда.

Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов, Военно-Антоновка айыл округунун өкүлдөрүнүн катышуусунда Тынчтык жаңы конушунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү.

Тургундар жол куруу, жерлерге мунапыс берүү, суу алуучу жайды реконструкциялоо жана "Бишкексууканал" башкармалыгынын балансына өткөрүү, ошондой эле Военно-Антоновка айылындагы таштанды таштоочу жайдан чыккан түтүн маселесин чечүү,  көрктөндүрүү жана башка көйгөйлөр боюнча кайрылышты.

Ар бир жарандын кайрылуусу көрсөтмөлөрдүн протоколуна киргизилет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана администрациянын компетенциясынын чегинде аткаруу үчүн райондук кызматтарга жөнөтүлөт.

Бул багыттагы жолугушуулар дагы улантылат.