Биринчи май акимчилигинин жыйындар залында ведомстволор аралык жыйын өттү.

Акимдин орун басары Чыңгыз Байсовдун төрагалыгы астында КР ИИМнин, транспорт тармагынын, райондук жана шаардык кызматтардын, ЖКККББ, МАБ өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүлүп, анда Батыш жана Чыгыш автобекеттеринин айланасын  иретке келтирүү маселеси каралды.

Жыйындын жүрүшүндө ведомстволор аралык кызматташууну күчөтүү, ошондой эле шаарлар аралык такси айдоочулары менен автобекеттердин аймагында унаа токтотуу эрежелерин сактоо боюнча рейддерди өткөрүү,  Чыгыш автобекетинин аймагынан чыккан  чыгыш багытында каттаган  (Ысык-Көл, Нарын, Токмок , Кемин ж.б.)   жана Батыш автобекетинен каттаган (Суусамыр, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен ж.б.) маршуттук каттамдарды иретке келтирүү белгиленди.

Белгилей кетсек, жумушчу жыйын Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен бекет курулуштарын (темир жол бекеттери, автобекеттерди, автостанцияларды жана автокассаларды), вокзал курулуштарына жакын аймактарды жеке менчикке өткөрүп берүүнү, ошондой эле мамлекеттин менчигине кайтарып алууну болтурбоо, бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын  жана  Бишкек шаардык кеңешинин  «Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташуу транспортунун кыймылын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун негизинде өттү.