Алматыда III Эл аралык хореографиялык “SUMMER БИ BEST"” сынагы өттү.
Свердлов районунун И.В. Гёте атындагы №23 гимназиясы окуу комплексинин окуучуларынын курамынан «Багира» бий студиясы катышты.
Фестивалда хореограф Татьяна Кибкалонун жетекчилиги астында “Алексис”, “Багера” бий студияларынын кичүү жана чоң балдардын катышуусунда “Уйку” жана “Асман” аттуу эки бий тартууланды.
Мелдеште 3 Гран-при каралган, анын ичинен эки кубокту биздин мектептин бийчилери алышты.
“Багира” бий студиясы Кыргызстандан биринчи жолу чыкты. Кыздар жаштыгына карабай башка мамлекеттерде атаандаша ала турган профессионал катары өздөрүн көрсөтүштү.
Казак көрүүчүлөрү кыздарыбызды кол чаап гана тим болбостон, бүт көрүүчүлөр репертуарынан ыйлап жиберишти. "Багера" жана "Алексис" кыздары эң жогорку сыйлык "Гран-Приге" татыктуу болушту.
Кыздар Алматы, Байконур, Астана, Павлодар, Өзбекстандын күчтүү командалары менен күч сынашты