Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин социалдык келишимдин негизинде колдоо көрсөтүү жөнүндө токтомун ишке ашыруунун алкагында төрт райондун жетекчилиги «үй-бүлөгө көмөк» алуучуларынын иштеринин жыйынтыгы менен таанышууда.
Биринчи май районунда социалдык келишимдин негизинде жеке ишкерлик менен алектенип, негизинен тигүүчүлүк, такси кызматы, соода-сатык менен алектенген үй-бүлөлөр көзөмөлгө алынды.
Белгилей кетсек, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында 200 үй-бүлө «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуучу катары каттоодо турат, анын ичинен 2022-жылы 97 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлүп, ар бирине 100 миң сомдон бөлүнгөн.
Бул долбоор үй-бүлөлөрдү өздөрүнүн оор турмуштук абалынан чыгуу боюнча активдүү кадамдарга үндөө, социалдык жоопкерчиликти жогорулатуу, чакан бизнести өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, жаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берүү максатында иштелип чыккан.