«Тазалык» муниципалдык ишканасы 2023-жылдын 14-июнунан баштап Октябрь районундагы катуу тиричилик таштандыларын чыгарат.

Акыркы окуяларга байланыштуу муниципалдык менчикти өткөрүп берүү актысы боюнча комиссиялык негизде иш жүргүзүлүүдө, тагыраагы контейнердик челектерди инвентаризациялоо иштери жүрүп жатат.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таштанды чыгаруудан тышкары контейнерлерди, аянтчаларды сырдап, жууп, оңдошот.

Контейнерлер жайкы ачык жашыл өңдөргө боёлот.