Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан бир күндө эле Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 176 миң сомдук 16 протокол түзүлдү.
Тартип бузгандардын арасында жеке адамдар гана эмес, юридикалык жактар да бар:
- Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскердик окуу жайы;
- «Умай Групп» ЖЧКсы;
- «Бай-бол Компани» ЖЧКсы;
- «Дордой Дыйкан» ЖЧКсы;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Бишкек шаардык турак жай-эксплуатациялык базасы;
- "Булак" базары.
Урматтуу шаар тургундары! Шаарыбыздын аймагында тазалыкты жана тартипти сактоону, ошондой эле мыйзам бузуулар тууралуу 0 (312) 62-06-18 телефону аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз.
\\