Урматтуу Свердлов районун жашоочулары!
Мамлекеттик, муниципалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгү, сапатын жеңилдетүү, жарандар жана үй чарбалары боюнча маалыматтарын санариптештирүү көрсөткүчтөрүн жогорулатуу максатында борбордо "Санарип аймак" системасы иштөөдө.
«Санарип аймак» системасынын негизги функцияларынын бири-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жаатындагы адистердин ишин автоматташтыруу болуп саналат.
«Санарип аймак» системасынан керектүү мааламкаттырды кантип алса болот?
Учурда бардык муниципалдык аймактык башкармалыктардын адистери тарабынан «Санарип аймак» системасына кайрылган жарандардын маалыматтарын каттоо боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө..
Бекитилген графикке ылайык, күн сайын эртең мененки саат 9: 00дөн кечки 18:00гө чейин, жаран "Түндүк" системасына идентификация жүргүзүлгөнүндөн кийин, жеке булуттук кол тамгага ээ болот. Ал үчүн төмөндөгү даректерине кайрылуусу зарыл.
- № 17 МАБ, Москва көчөсү 15, телефону: 0312 38 23 05;
- № 18 МАБ, Москва көчөсү 15, телефону: 0312 38 18 01;
- № 19 МАБ, Аламедин -1 к/р, 50-үй / телефону: 0312 63 32 91;
- № 20 МАБ "Ак-Тилек" ж / к Чалдовар көчөсү 2 / а, телефон: 0312 39 06 91;
- № 21 МАБ "Эне-Сай" ж/к 10-36 көчөсү, телефону: 0312 48 42 70.
Свердлов районунун акимиаты ар бир адамды "Санарип аймак" системасына каттоодон өтүүгө чакырат.