Биринчи май акимчилигинин жыйындар залында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарды түзөтүү программасын ишке киргизүү боюнча жыйын өттү.

Акимдин орун басары Рахат Мусаева, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, РИИБнин, МАБдын жетекчилиги, «Шанс» кризистик борборунун директору Елена Ткачева катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Е.Ткачева катышуучуларды борбордун ишмердүүлүгү, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жаатындагы иш-чаралар менен тааныштырды.

Ошону менен бирге райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, ички иштер органдары жана кризистик борбордун ортосунда кызматташуу боюнча меморандум түзүү маселеси талкууланды.

Белгилей кетсек, жолугушуу Мамлекеттик социалдык тапшырыктын алкагында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө”, "Жарандык коом институттары менен КРнын ички иштер органдарынын өз ара аракеттенүү механизми жөнүндө" токтомдорунун  негизинде уюштурулду.