Биринчи май районунда ири рейд өттү.
Биринчи май райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, акимчиликтин, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, ички иштер башкармалыгынын жана «Бишкексуучарба» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү катышты.
Комиссия эртең мененки саат 9:00дөн кечке чейин өткөрүлүп, 11 суу объектиси: «Тартуга» эс алуу борборунун бассейндери, Патрис-Лулумба көч, №86 дарегиндеги «Асема», Түштүк-2, Раззаков көч, №15, Нарвская көч., №62, «Орион», «Шератон», «Парк Отель», «Плаза Отель» мейманканалары, Тюмен көчөсү жана БЧК кесилишиндеги «Сорока», «Блошка» суу сактагычтары текшерилди. Ошондой эле түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында коопсуздук эрежелерин бузгандыгы үчүн Түштүк-2 кичирайонундагы «Асема» бассейндерин жабуу маселеси каралат.
Ошону менен бирге, ӨКМ билдиргендей, квалификациясын жогорулатуу максатында суу объектилеринде иштеген 9 кызматкер суучул куткаруучу адистиги боюнча окутулат.
Белгилей кетсек, текшерүүлөр КР Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде адам өмүрүн коргоонун
эрежелери” токтомунун алкагында жүргүзүлүүдө.
Урматтуу ата-энелер, балдарды кароосуз калтырбагыла!