Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо  боюнча муниципалдык инспекциясы көрктөндүрүү эрежелеринин сакталбаганы жана таштандыларды белгиленбеген жерге таштоо фактылары боюнча рейддерди улантууда.

Рейддер күн сайын таңкы саат 6:00дөн башталат.

Объекттин айланасындагы тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесине ылайык, 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып салынат жана ушул кодекстин  115-беренесинин  1-бөлүгүнө ылайык, таштандыларды белгиленбеген жерге таштагандарга  5,5 миң сомдон 17 миң сомго чейин айып салынат. Бул бузуулар боюнча   66 миң сомго 7 протокол түзүлдү.

Анын ичинен юридикалык жактарга карата 3 протокол түзүлгөн:

-Таштандыларды белгиленбеген жерге ыргыткандыгы үчүн «Мир Одежды Кей Джи» ЖЧКсы (Садырбаев көч, №107)
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек шаары боюнча башкармалыгы (Максим Горький көч. № 25) 114-берене боюнча.;
- «Гемотест KG» ЖЧКсы (Максим Горький-Байтик Баатыр көч.).

Көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга таштандыны белгиленбеген жерге таштоого тыюу салынары боюнча  түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.