«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жарандардын жана туристтердин жолдордо жана андан тышкары жерлерде өздөрүн ыңгайлуу сезиши үчүн иш алып барууда.
Ошентип, ишкана тараптан жолдун эки тарабына сугат лотоктору орнотулду.
Бүгүнкү күндө жолдун жана тротуардын негизин даярдоо иштери жүрүп жатат. Жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 6 метр, тротуар 2 метрди түзөт. Ошондой эле эки жерге шлагбаумдар орнотулат.
Мындан тышкары, ишкананын кызматкерлери тарабынан Орок айылындагы Ала-Арча капчыгайына кеткен жолдогу жол кемчиликтери жоюлду.
Урматтуу эс алуучулар! Жакында сиз табиятта гана эмес, жолдо да эс ала аласыз!