Бишкек троллейбус башкармалыгы маалымдагандай, 17-июнда саат 18:00дөн баштап №5 жана №7 троллейбустук каттамдар убактылуу иштебейт.

Себеби, бул күнү жыл сайын өтүүчү “Түнкү чуркоо” марафону башталат. Катышуучулар кечки саат алтыда Анкара, Чолпон-Ата көчөлөрү жана Чүй проспектиси менен чуркашат.

Урматтуу шаардыктар!  Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ыңгайсыздыктарды эске алуу менен сапарыңыздарды алдын ала пландаштырууну суранат.