16-июнда Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачеванын катышуусунда Бишкек шаарынын «Мектеп лигасынын» шаардык финалынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери жайкы эс алууга Ысык-Көлгө жөнөтүлдү.
Бүгүн 100 баладан турган биринчи партия эс алууга чыгышты. Бардыгы болуп 430 бала баш байгеге — «Кыргызское взморье» жайкы курортуна жолдомо алышты.
Шаардык «Мектеп лигасы» программасынын алкагында жыл сайын спорттун 11 түрү боюнча мелдештердин райондук жана шаардык баскычтары өткөрүлөт.«Мектеп лигасынын» спорттук программасынын негизги максаты Бишкек шаарында жаштардын спортун мындан ары өнүктүрүү болуп саналат.Жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларын системалуу спорттук иш-чараларга тартуу. Аларды адистештирилген спорттук мектептерде андан ары даярдоо үчүн келечектүү спортчуларды аныктоо жана жалпы билим берүүчү мектептер менен гимназиялардын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоо.
Программанын алкагында 2022-жылдын 6-октябрынан 25-декабрына чейин мектептердин спорт аянтчаларында балдар жана кыздар арасында мелдештин райондук этаптары өткөрүлдү
Сынактын жыйынтыгында жеңүүчү жана байге ээлери Бишкек шаарында өтүүчү «Мектеп лигасынын» экинчи этабына катышуу укугуна ээ болуп, өз районунун жана жалпы мектептин атынан катышууга укук алышты.
16-февралдан 13-майга чейин Бишкек шаарынын спорттук жайларында жалпысынан 1984 катышуучуну камтыган спорттун 11 түрү боюнча Бишкек шаарынын мектеп лигасынын экинчи финалдык этабы болуп өттү.