Борбор калаанын вице-мэри Нурдан Орунтаев Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев менен биргеликте Манас проспектисин бойлой кыдырды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилер алынууда.

Ишти борбор калаанын мэриясынын  Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы, «Тазалык” ишканасы менен биргеликте жүргүзүүдө.

Мындан сырткары бузулган объектилердин ордунда көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.Ошондуктан демөөрчүлөрдүн эсебинен №49 жана №57 үйлөрдүн фасадына сырдоо иштери жүрүп жатат.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Өзүңүздүн объекттериңизди талапка ылайык келтирүүнү, ошондой эле муниципалдык аймакты өзүм билемдик менен ээлебөөнү суранабыз.