Учурда жаш Гвардия бульвары, Турусбеков көчөсү, Чүй жана Жибек-Жолу проспектилери, Фучик, Фере, Горький, 7-апрель, Чолпон-Ата көчөлөрү, ошондой эле кичи райондордо жана конуштардажашылдандыруучулар тарабынанкөчөлөрдөгү жана газондордогу отоо чөптөр чабылып,  иретке келтирилүүдө. 

Буга катарлаш Байтик-Баатыр, Сүйөркулов, Пушкин жана башка көчөлөрдө бир жылдык гүлдөрдүн клумбаларын отоо иштери жүргүзүлүүдө.

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын мэриясы Бишкек шаарынын жашыл аймактарына кам көрүүнү жана борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузбоону чын жүрөктөн суранат.