Белгисиз бейбаштар Чыгыш автобекетинин жанындагы жер астындагы өтмөктөгү жаңы жарыктарды талкалап салышкан.
Мындай көрүнүш биринчи жолу эмес, көбүнчө жарык берүүчү объектилер вандализмге дуушар болушат.
Белгилей кетсек, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын бригадасы 5 жаңы прожектор орнотуп, 70 метр кабель тартышкан.
Урматтуу шаар тургундары! Сураныч! Муниципалдык менчикти сындырбаңыздар жана зыян келтирбеңиздер, анткени аларды калыбына келтирүүгө кошумча адам ресурстары жана каражаттар жумшалат.