Шаардыктардын көптөгөн кайрылуулары менен бирге коопсуздукту камсыздоо  максатында Малдыбаев көчөсүнө жарыктандыруу чырактары орнотулду.

Көчөнүн түштүк тарабынын Ахунбаев көчөсүнөн  Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө 17 даана торшердик тирөөч, ошондой эле 7 даана темир-бетон мамылар орнотулду.

Азыр «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кабелди тартып, прожекторлорду орнотууда.