Октябрь акимиаты Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери менен биргеликте тамеки чегүүгө каршы рейд өткөрдү.
Рейддин жүрүшүндө оюн-зоок жайларында иш-чаралар өткөрүлүп, анда «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин, никотиндин, тамекинин түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамдын талаптарын бузуу фактылары аныкталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 39 миң сом айып салынып, 3 протокол түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 83 жана 84-беренелерине ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жеке адамдын, башкача айтканда, тамеки чегип жаткан жарандын жоопкерчилигин эскертип, айып пул салынат.