«Бишкексууканал» башкармалыгы «Арча-Бешик» жаңы конушунун абоненттерине суунун жетишсиздигинен улам, таза суу жана саркынды суулар үчүн кайра эсептөө жүргүзөт.
7066 абонент 2023-жылдын май айына кайра эсептөө менен квитанция алышкан.
Жалпы саны 258 845 абонентти түзөт. Анын ичинен 2,7% абонент кайра эсептелген.
Ар бир айдын 1-күнүнөн 10-күнүнө чейин «Бишкексууканал» башкармалыгы абоненттерге муздак суу берүү жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча квитанцияларды жеткирип турат.
Квитанцияда абоненттин төмөнкү маалыматы чагылдырылат:
- муздак сууну керектөө нормасы;
- дебитордук карыз;
- жашоочулардын саны;
- муздак сууга тариф;
- саркынды суу үчүн тариф.