№75 мектеп-лицейинде Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун Биринчи май районунун тургундары менен жолугушуусу өттү.
Жолугушуу «суроо-жооп» форматында өтүп, анда эң актуалдуу жана көйгөйлүү суроолор берилип, муниципалитеттин иши боюнча сын-пикирлер жана сунуштар айтылды.
Жыйынга ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын жетекчилери, Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов, укук коргоо органдарынын жана жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү катышты.
Суроолордун басымдуу бөлүгү тротуарларды жана жолдорду оңдоо, инженердик коммуникацияларды орнотуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо, балдар аянтчаларын куруу, коомдук бакчаларды жана көчөлөрдү жарыктандыруу, коомдук транспорттун чыгуусун уюштуруу жана жакшыртуу маселелерине байланыштуу болду.
Бардык түшкөн кайрылуулардын негизинде Бишкек шаарынын мэри шаардык кызматтардын жетекчилерине маселелерди өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырмасын берип, протоколго киргизилди.