Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүн контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар менен күн сайын күрөшүп келет. Контейнердик аянтчалар болгонуна карабай, шаар тургундары  таштандыларды белгиленбеген жерге  ыргытып кетишет.

2023-жылдын 22-июнунда саат 06:00дөн баштап көрктөндүрүү эрежелеринин сакталбагандыгы жана таштандыларды белгиленбеген жерге таштоо фактысын аныктоо  боюнча рейд өткөрүлүп,  муниципалдык инспекция тарабынан 47 миң 500 сом өлчөмүндө 6 протокол түзүлгөн.

Алардын ичинен:

- Кенжебаева К.С.га таштандыны белгисиз жерге ыргыткандыгы үчүн;
- «Шнос» ЖЧКсы Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн;
- «Фарватер» ЖЧКсы Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн;
- Нурланова М.Н га өндүрүш калдыктарын белгисиз жайга чыгаргандыгы үчүн;
- Подстречная А.В.га Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн;  
- Д.Б.Калманбетова өндүрүш калдыктарын аныкталбаган жерге чыгаргандыгы үчүн;

Белгисиз жерлерге  таштандыларды таштоого жол бербөө үчүн бардык эреже бузгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Объекттин айланасында тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесине ылайык, 3 миңден 13 миң сомго чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет жана таштандыларды белгиленбеген жерге ыргытуу Кыргыз Республикасынын «Укук  бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүндө каралганда, 5,5 миң сомдон 17 миң сомго чейин айып салууга алып келет.


Урматтуу шаардыктар! Сиздерден шаарыбыздын аймагында тазалыкты жана тартипти сактоону, ошондой эле мыйзам бузуулар тууралуу 0 (312) 62-06-18 телефону аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз.