Өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттиги менен “Карылар үчүн ресурстук борбор” коомдук уюмунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду
Бишкек шаардынын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттиги менен “Карылар үчүн ресурстук борбор” коомдук уюмунун ортосунда эки тараптуу кызматташуу меморандумуна кол коюлду.
Документке агенттиктин директору Молдокулов Курманбек жана коомдук уюмдун президенти Светлана Баштовенко кол коюшту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаарында жаңы имараттарды өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен программаларды жана демилгелерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуунун, ошондой эле аянтча аркылуу жаңы имараттардын жашоочулары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда өнөктөштүк мамилелерди түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Кызматташуу Өнүктүрүү агенттигине жана жети жаңы конуштун тургундарына курч маселелерди биргелешип талкуулоого жана чечүүгө, кызматтарга жеткиликтүүлүктү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Бул меморандум Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттигинин (SDC) колдоосу менен “GFA Consulting Group GmbH” компаниясы тарабынан ишке ашырылып жаткан “АРАКЕТ – Кыргызстандагы конуштарды жакшыртуу үчүн” долбоорунун алкагында түзүлдү.
Карылар үчүн ресурстук борбор маселелерди жеринде максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен калктын кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган "АРАКЕТ" долбоорунун биринчи компонентин ишке ашырууга жооптуу болуп саналат.