Борбор калаанын муниципалитетинде Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Евразия өнүктүрүү банкынын делегациясы менен жолугушту.
Жыйынга Башкармалыктын төрагасынын орун басары Денис Ильин, Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүктүн директору Нурлан Акматов, Стратегиялык долбоорлор дирекциясынын жетекчиси Виктор Лебедев катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаарынын мэриясы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун каржылоо боюнча меморандумду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Ошондой эле Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планын иштеп чыгуу долбоорун ишке ашыруу боюнча потенциалдуу кызматташууну талкуулашты.
Эске салсак, Сочи шаарында (Россия Федерациясы) өткөн Евразия конгрессинин’23 ишинин алкагында Бишкек шаарынын мэри Э.М. Абдыкадыров жана ЕӨБнын Башкармасынын төрагасынын орун басары Д.В. Ильин Бишкек шаарынын мэриясы менен ЕӨБ ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койгон.