Биринчи май районунда Эл аралык баңгизатка жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү күнүнүн алкагында баңгизаттардын жарнактарын боёо акциясы өткөрүлдү.
Иш-чарага КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (МБКК) өкүлдөрү, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын, акимчиликтин, №12 МАБдын, «Тазалык» МИнин кызматкерлери, волонтерлор катышты.
Катышуучуларга боёктор, бет каптар жана кол каптар берилди.
Жыйынтыгында, Ч.Айтматов проспектисинин боюнда Лев Толстой көчөсүнөн М.Горький көчөсүнө чейин дубалдарга, тепкичтерге, тосмолорго баңгизаттарды жарнамалаган 40ка жакын жазуулар сырдалган, негизинен булар телеграм каналдардагы даректер болгон.
Иш-чараны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги уюштурду.
Урматтуу шаар тургундары! Биз баарыңыздарды акцияны колдоого жана өлүмгө алып келген баңги жарнамаларын тазалоого чакырабыз.