«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы «Мурас-Ордо» конушунун тышкы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө.

Алсак,  6,13,14,16,17,18  көчөлөрүнө 158 светодиоддук чырак  орнотулуп, 3038 метр узундуктагы өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым (СИП) тартылды. Ошондой эле 16 даана темир-бетон мамы  орнотулду.

Бул багыттагы иштер улантылууда.

Урматтуу шаар тургундары! Көчөңүздө капыстан караңгы болуп калса, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы  социалдык тармактарда:
Фейсбук: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Instagram: @mp_bishkeksvet
Twitter: @Bishkeksvet