Шаарды өнүктүрүү агенттигинин жетекчилиги Жогорку технологиялар паркынын дирекциясынын ишмердүүлүгү менен таанышуусу жана презентациясы өткөрүлдү.

Презентацияны жогорку технологиялар паркынын директору А.Д.Абакиров алып барды, анда өнүгүү программалары, иштин натыйжалары, иш-чаралардын түрлөрү, анын ичинде IT-билим берүүгө көмөк көрсөтүү боюнча маалыматтар чагылдырылды.

Жыйындын катышуучулары Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулап, Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттиги менен Жогорку технологиялар паркынын дирекциясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Максаты - Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана узак мөөнөттүү, натыйжалуу кызматташтыкты өнүктүрүү.