«Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагына темир-бетон сугат лотокторун жана 8 түтүкчөлөрдү орнотууну баштады.
Бул лотоктор секундуна 40-50 литр суу өткөрүүгө жөндөмдүү. Ылдам  өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн аркасында жашыл аянттар сугат суусу менен камсыздалат.
Белгилей кетсек, буга чейин лотоктор Токтоналиев көчөсүндөгү 24 үйдүн маңдайына, Күрөңкеев көчөсү менен Табачный көчөсүнүн кесилишинде орнотулган. Зеленая көчөсүнө 50 түтүкчө жана 11 темир бетон шакекчелери орнотулду.

Урматтуу шаар тургундары! Магистралдык каналдарды, дренаждык жана ирригациялык тармактарды таштандыга толтурбоону жана шаардык чарба кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону өтүнөбүз.