Ак-Босого конушунун №101 мектебинде жумушчу жыйын өттү.

Биринчи май районунун акиминин орун басары Чыңгыз Байсов аталган конуштун жашоочулары жана мектеп администрациясы менен жолугушту.
«Бишкекасфальтсервис», «Бишкекжашылчарба», «Бишкексуучарба» муниципалдык ишканаларынын, №16 МАБынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө билим берүү мекемесинин аймагын көрктөндүрүү, тактап айтканда, жолду асфальттоо, жашылдандыруу, жашыл жерлерди сугаруу маселеси талкууланып, коомдук транспорт маселеси көтөрүлдү.

Жыйынтыгында мектептин түштүк тарабындагы жолду асфальттоого кеткен чыгымды эсептеп, 2024-жылдын титулдук тизмесине киргизүү, сугат үчүн жаңы скважинаны бургулоо мүмкүнчүлүгүн кароо чечими кабыл алынды.

Эске салсак, мектеп имараты өткөн жылдын аягында пайдаланууга берилген, эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 5022 чарчы метр, 3 блоктон турат жана 660 окуучуга ылайыкталган. Биринчи блокто - окуу класстар жана кабинеттер, ал эми экинчи блокто- спорт залы, актовый зал, ашкана, үчүнчү блокто: окуу кабинеттери жайгашкан.

Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы  аркылуу өткөрүлгөн тендерге ылайык, мектептин курулушун «Эталон Вин Спец Строй» ЖЧК подряддык уюму жүргүзгөн. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.
Территорию школы №101 планируют благоустроить.