"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадасы Манас проспектисиндеги  Москва жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы жол бордюрларын оңдоодо. Жеринде темир торчолор орнотулуп, жылдырылган бордюрлар кайра ордуна коюлуп, бетондолот.
Жол боюндагы бордюрлардын бузулушунун себеби - унаа сүйүүчүлөрүнүн  этиятсыздыгы, бордюрларга көп урунган унаалар.
Урматтуу унаа сүйүүчүлөр! Жол эрежелерин сактоону, шаардын чарба  кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону, жол инфраструктурасына аяр мамиле жасоону өтүнөбүз.