Акимдер көчмө жыйындарды  өткөрүүнү улантышууда.

Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов №14 МАБдын аймагын текшерди.

Текшерүүдө   Д.Асанов көчөсү боюнча  Жибек-Жолу проспектисинен Кудрук көчөсүнө  чейин 600 метрге жакын тротуарды куруу, Ростовская 19Б дарегинен БЧКга чейин 1 чакырымдай аралыкта жол салуу маселелери, ошондой эле "Сорока" көлүнүн аймагында курулган объектилердин мыйзамдуулугу каралды, андан ары аким «Санарип аймагы» системасындагы иштердин жүрүшү менен таанышты.

Андан ары көчмө жыйын  №16 МАБынын аймагында өттү. Ак-Босого конушунда ФАПтын (ФАП) курулушу жүрүп, учурда документтери даярдалууда. Көчмө жыйындын жүрүшүндө  Архитектор  көчөсү текшерилди. Бул көчөнү «Бишкекасфальтсервис» ММ балансына өткөрүү, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын санитардык тазалоо жана катуу калдыктарды чыгаруу боюнча техникалык картасына киргизүү пландалууда.

«Калыс-Ордо» конушундагы №20 көчөнүн боюнда жабык спорт комплексин куруу үчүн жер тилкесинин аянтын көбөйтүү мүмкүнчүлүгү менен таанышты.
Мурас-Ордо конушундагы суу алуучу жайга барганда техникалык кабинеттин чатырын оңдоо, ошондой эле №99 мектептин аймагынан таштандыларды чогултуу жана чыгаруу боюнча иш-чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Бул багыттагы көчмө жыйындар  уланууда