Мидин Алыбаев көчөсүн бойлой Кривоносов көчөсүнөн Осмонов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жалпы узундугу 740 погон метрдик жерде тротуар бордюрларын орнотуу иштери жүрүп жатат. Буга чейин жолдун жана тротуардын негизин даярдоо иштери аяктаган.
Менделеев көчөсүндө № 153 Б үйүнөн № 139 Б үйүнө чейинки жерди даярдоо иштери жүрүп, ирригациялык системаны жана жол бордюрларын орнотуу иштери аяктады.
Орозбеков көчөсү боюнча Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин асфальтбетон аралашмасынын биринчи катмары төшөлүп, бүгүнкү күндө тротуар куруу иштери жүрүп жатат.
Ленская көчөсүндө Фучик көчөсүнөн ЧЧКга чейин жол бордюрларын, ирригация системасын орнотуу аяктады. Бүгүнкү күндө жерди пландоо боюнча иштери жүрүүдө.
Кочкор көчөсү боюнча Матыев көчөсүнөн Тыныбеков көчөсүнө чейин жол бордюрларын орнотуу иштери улантылууда.
Сейил көчөсүндө Мидин көчөсүнөн Мыскал көчөсүнө чейин жер казуу иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле Булан Насиров көчөсүн бойлой Ахунбаев көчөсүнөн Валдайская көчөсүнө чейин оңдоо иштери башталды. Эски асфальтты сүрүү иштери аяктап, жолдун бир тарабына тротуар жана ирригациялык система жабдылат. Аймакка газ түтүктөрүн өткөрүү иштери жүрүп жатат, ошондой эле РЭСтин тирөөчтөрүн өткөрүү пландалууда. Учурда курулуш материалдарын жеткирүү иштери жүрүп жатат.
Манас айылы көчөсүндөгү эски асфальттарды кыруу иштери башталды. Бул тилкеде эки тарабына тротуар төшөлгөн чоң жолду куруу жана ирригациялык системаны орнотуу пландалууда.