Алты айдын ичинде Свердлов районунун администрациясына жазуу жүзүндө 996 арыз келип түштү.
Жарандардан келип түшкөн кайрылуулардын негизги тематикалары турак жай-коммуналдык чарба жаатына тиешелүү болгон. Көрсөтүлгөн убакыт ичинде түшкөн 306 арыз жашоочуларды кызыктырган көрктөндүрүү, жер тилкелери, санитардык тазалоо, жолдорду жана тротуарларды оңдоо, контейнердик аянтчаларды тейлөө, ошондой эле транспорт маселелери түзгөн.
Материалдык жардам сурап 263 жаран кайрылган, ал эми коомдук тамактануу жайларынын иши боюнча 60 кайрылуу келип түшкөн.
Курулуш жана турак-жай шарттарын жакшыртуу боюнча – 184, короо-аянттарын көрктөндүрүү жана турак жай менчик ээлеринин шериктештиктеринин иши боюнча - 18 кайрылуу болгон. Ошондой эле юридикалык жардам сурап 165 жаран кайрылган.
Эскерте кетсек, жашоочулар Свердлов районунун администрациясына “Бирдиктүү терезе” аркылуу Чүй пр., 28 дарегине жеке өзү келип же каты менен төмөнкү дарекке почта аркылуу кайрылса болот: @adm-sverdlov@meria.kg, тел. 0312 36-07-07, 36-03-31, ф. 0312 53-13-21
Ошондой эле, Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков ар бейшемби күнү саат 07:00дөн 09:00гө чейин алдын ала жазылуу боюнча жеке кабыл алууларды өткөрөт. Алдын ала жазылуулар (0312) 36-01-93 телефону аркылуу жүргүзүлөт.