“Астананын 25 жылдыгы: Астана – келечектин шаары” аттуу шаар мэрлеринин форумунун алкагында борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Астана шаарынын мэри Женис Касымбек менен жолугушту.
Жолугушууга Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев да катышты.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар шаарлар ортосундагы алаканы чыңдоо, Бишкек шаарынын мэриясы менен Астана акимчилигинин ишмердүүлүк чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты. Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэриясы биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда казак тарап менен кызматташууга ачык экенин белгиледи.
«Биз бир тууган элдерденбиз. Менимче, биз үчүн кандайдыр бир маселелерди чечүүдө эч кандай кыйынчылыктар болбойт. Бишкек шаарынын мэриясы Астана шаары менен ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр», - деди мэр.
Маалымдама: Учурда Бишкек шаары 2 шаар менен - 1997-жылдан тарта Алматы, 2011-жылдан тарта Астана менен боордоштук мамиледе.