“Мектеп лигасынын” шаардык турунун жеңүүчүлөрү Ысык-Көлгө “Кыргыз деңизи” санаторийине барышты.
Эс алууну Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти уюштурду.
Мелдеште Ленин районунун мектептеринен окуучулардын арасында 120 жеңүүчү жана окуучу бар.
Эске салсак, сынак бир окуу жыл бою созулуп, 2022-жылдын октябрь айынан декабрь айына чейин райондук, 2023-жылдын январь айынан май айына чейин шаардык этап өткөн.
Окуучулар спорттун 11 түрү (футбол, волейбол, баскетбол, стол тенниси, норматив, балдар үчүн жеңил атлетика, жеңил атлетика, тогуз коргоол, ордо, бадминтон, шахмат) боюнча күч сынашты.
Бишкек шаарынын мэриясы жаш жеңүүчүлөрдү жакшы эс алып келүүсүнө тилектеш.